Nur Otan партиясынын аталышы өзгөртүлдү
Казакстанда Nur Otan партиясынын аталышы «Аманат» деп өзгөртүлдү. Бул тууралуу сунуш партиянын кезексиз съездинде каралып, демилге анын төрагасы Касым-Жомарт Токаев тарабынан колдоого алынды.
«Элибиз эч качан аманатка кыянаттык жасаган эмес. Партия ушул принципти бекем карманышы керек. Ошондуктан мен партияны «Аманат» деп атоону толук колдойм. Бирок, партиянын аталышы гана алмашып тим болбостон, элдин талабына жараша толугу менен өзгөрүшү керек», — деди Токаев.