"Эркин-Тоо"

Нурдан Орунтаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги болуп түзүлдү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык, Нурдан Орунтаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги болуп өзгөртүлдү. Агенттик өкмөткө караштуу болот.