Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы “Айдың-Көл” башталгыч мектебинин 4-классынын окуучусу Нурзаман Алмазбековдун карды жиреп мектепке бара жаткан видеосун баарыбыз көрдүк. Биз Нурзаман менен байланышып, айрым суроолорубузду узатып, жооп алдык.
– Нурзаман, алгач өзүң, үй-бүлөң тууралуу айтып берчи?
– Биз Коо-Чаты айылында турабыз. Үй-бүлөдө 6 биртууганмын. Алардын ичинен бешөөбүз мектепке барабыз. Бир карындашым бала бакчага барат. Атам, апам болуп жашайбыз. Атам айылда курулушчу болуп иштейт, апам болсо үй кожейкеси. Апам бөбөгүмдү карайт, биздин сабактарыбызды окутат, таттууларды жасап, мектептен келишибизди күтүп алат.
– Сен жашаган айыл тууралуу да билгибиз келип жатат…
– Биздин Коо-Чаты айылы абдан кооз. Көп бак-дарактар бар. Бизде кыш мезгилинде кар көп жаайт, видеодон көргөнүңүздөрдөй кар калың жаайт. Бирок кар жааган бизге абдан жагат. Анткени, досторубуз менен түркүн оюндарды ойнойбуз. Чана тебебиз, кардан аяз ата жасайбыз.
– Мектепке канча убакытта жетесиң? Мектепте бардык эле шарттар барбы?
– Мектепке 25 мүнөттө жөө басып жетебиз. Мен көбүнчө, мектепке досторум менен барам. Кээде карындашым менен кетем. Биздин Айдың-Көл мектеби 1 кабаттуу, абалы жакшы эле. Окуу класстары жылуу. Бирок мектепти оңдоп башка чоң мектептердей кылып коюшса жакшы болмок. Мектепте футбол аянты бар, ал жерде көп окуучулар футбол ойнойбуз.
– Кайсы сабактарга кызыгасың?
– Мен математика, адабий окуу, дене тарбия сабактарына кызыгам. Биздин мугалимдер да өтө мыкты. Алардын ар бирин жакшы көрөм.
– Келечекте, кайсы кесиптин ээси болгуң келет?
– Чоңойгондо актёр болуп, киного тартылгым келет. Атам менен апамды Меккеге алып барсам, дүйнөлүк футболист Криштиану Рональдуга жолуксам деп кыялданам.
“Айдың-Көл” башталгыч мектебинин мугалими Калыбай кызы Мээримгүл: “Үлгүлүү окуучуларыбыз көп”
Нурзамандын кар жиреген видеосун телефонго тартып алган башталгыч класстын мугалими Калыбай кызы Мээримгүл менен да байланышып, видео кандай максатта тартылганын жана мектептеги окуучулар тууралуу сурадык.
«Мен ошол кар оор жааган күнү мектепке эрте бардым. Ал кезде мектепке окуучулар келе элек экен. Мен окуучуларды кароо максатында мектептин дарбазасына чыкканда, эң алгач жоопкерчиликтүү кадам менен билим алууга умтулуп шашып, басып келе жаткан окуучумду көрүп видеого түшүрдүм. Ал видеону ата-энелер группасына жөнөттүм. Анткени мектептин алыс жакынына, күндүн суугуна карабай мектепке балдарды жиберүү максатын көздөдүм. Нурзаман мектепте активдүү, сабакты жакшы окуган окуучу. Бул баланын башка бир туугандары да мектепте үлгүлүү окуучулардан. Баары жакшы окушат. Ата-энеси балдарын ар тараптуу өнүктүрүүгө, билимдерине өзгөчө көңүл бөлгөн, мыкты тарбия берген адамдар. Ал эми Нурзамандын артында биздин мектеп, айылыбыз, таланттуу окуучуларыбыз тураарына абдан сыймыктанам. Нурзамандын мектепке карай баскан кадамы көп балдарга үлгү болсо дейм”.
Мээрим Бактыбек кызы

