Нью-Делиде «Манас» эпосу тууралуу баяндама жасалды

17-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 78

Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн “Дүйнө бир үй-бүлө” аталышындагы эл аралык илимий конференцияга “Манас” улуттук академиясынын өкүлдөрү катышты.

Академиядан билдиришкендей, иш-чарага дүйнөнүн ар бурчунан келген окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана маданият ишмерлери чогулду. Конференцияда «Манас» эпосунун дүйнөлүк маданияттагы орду тууралуу баяндамалар жасалды. Академиянын коммуникация жана эл аралык байланыштар борборунун жетекчиси Гүлзат Майчинова “Манас жана Махабхарата: тынчтык жана коопсуздук үчүн маданий цивилизациялык код” темасында доклад окуп, эки эпостун адамзаттык баалуулуктарды бекемдөөдөгү маанисин белгиледи.

Ошондой эле “Айкөл” студиясынын жетекчиси Дастан Чыныбек уулу эпосторду театр аркылуу жайылтуунун ролуна токтолду.

17-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 78
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X