Нью-Йоркто “Манас” эпосуна арналган БУУ резолюциясынын 30 жылдыгы белгиленди

19-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 67

2025-жылдын 15-декабрында Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында кыргыз элинин улуу руханий мурасы – “Манас” эпосуна арналган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 49/129-резолюциясынын кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата эл аралык маданий иш-чара өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек
Мамбеталиев, Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева, БУУнун Башкы Ассамблеясынын Төрагасынын орун басары, ЮНЕСКОнун Нью-Йорктогу кеңсесинин өкүлдөрү, БУУга мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер катышты.

Белгилей кетсек, 1994-жылы кабыл алынган бул резолюция “Манас” эпосун адамзаттын оозеки жана материалдык эмес маданий мурасы катары дүйнөлүк деңгээлде тааныган алгачкы эл аралык документ болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Манас” эпосунда камтылган жалпы адамзаттык баалуулуктар – тынчтык, биримдик, адилеттүүлүк жана жоопкерчилик маселелери БУУнун негизги принциптери жана Туруктуу өнүгүү максаттары менен айкалыштырылып көрсөтүлдү. Ошондой эле Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга карата БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүккө талапкерлиги тууралуу маалымат берилди.

Программа расмий жана маданий бөлүктөрдөн, тематикалык панелдик талкуудан туруп, гибриддик форматта уюштурулду. Катышуучуларга “Манас” эпосунун философиялык тереңдигин, элдер ортосундагы ынтымакты жана руханий баалуулуктарды чагылдырган аудио-визуалдык материалдар тартууланды.

Өз сөзүндө Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев эл аралык коомчулукту 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Ысык-Көл эл аралык форумуна катышууга чакырды.

Аталган иш-чара Кыргызстандын маданий дипломатиясын чыңдоого, улуттук руханий мурастын эл аралык коомчулукка кеңири таанытылышына олуттуу салым кошту. Эске салсак, 1995-жылы БУУнун Генералдык Ассамблеясы “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесин эл аралык деңгээлде белгилөөнү колдоп, мааракелик иш-чаралар ЮНЕСКОнун алкагында өткөрүлгөн.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду.

Чынайым Кутманалиева

19-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 67
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X