Оң рулдуу унааларды алып кирүү сунушу четке кагылды

26-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 40

Жогорку Кеңеште айрым депутаттар өлкөгө оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө уруксат берүү мыйзам долбоору сунушташкан. Бирок бул сунуш Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде колдоо тапкан жок.

Демилгечилердин бири Чолпон Султанбекова соңку учурда башка өлкөлөрдөн оң рулдуу автоунаалар кирип жатканын жүйө кылып, аларды мыйзамдаштырып бажы төлөмүн алуу жана өлкөнүн автопаркын жакшыртуу керек экенин билдирген.

ИИМ сунушка каршы чыгып, оң рулдуу автоунаалар жол кырсыктарына себепкер болуп жатканын билдирген.

26-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 40
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X