Окуу китептерин даярдоого салым кошкон адистер сыйланды

29-январь, 2026-ж. / Редакция / Билим 71

Агартуу министрлигинде билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн бир катар адистерге «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси тапшырылды.

Сыйлык «Учкун» ачык акционердик коомунун өндүрүш директору Кубат Бейшеевге, басмага даярдоо бөлүмүнүн башчысы Нуржамал Женалиевага жана Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйүнүн техредактору Эркингүл Садыковага ыйгарылды.

Министрликтен маалымдашкандай, 2025-жылы республика боюнча 1–9-класстар үчүн жалпы 4 млн 84 миң 870 нуска окуу китеби басылып чыгып, билим берүү уюмдарына жеткирилген.

Мындан тышкары, www.kitep.edu.kg платформасына кыргыз жана орус тилдеринде 11 жана 12 жылдык программалар боюнча 243 электрондук окуу китеби жайгаштырылган.

29-январь, 2026-ж. / Редакция / Билим 71
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X