Окуучулардын предметтик олимпиадасы башталат

26-январь, 2026-ж. / Редакция / Билим 83

Кыргызстандын Агартуу министрлиги 2025–2026-окуу жылында окуучулардын республикалык олимпиадасынын өткөрүү графиктерин жарыялады. Министрликтин маалыматына ылайык, олимпиада төрт этапта өткөрүлөт.

Ага ылайык, биринчи этап — мектептик тур январь айында уюштурулат. Экинчи этап райондук деңгээлде февраль айында өтүп, ал облустардын райондорунда, Бишкек шаарынын райондорунда жана райондук маанидеги шаарларда өткөрүлөт. Үчүнчү этап — облустук тур да февраль айында уюштурулуп, облустардын, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын деңгээлинде өтөт. Төртүнчү, акыркы этап — республикалык тур март айында өткөрүлөт.

Маалым болгондой, олимпиаданын үчүнчү жана төртүнчү этаптары Агартуу министрлиги тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө республика боюнча бир убакта өткөрүлөт. Олимпиада англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география жана тарых, ыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты предметтери боюнча уюштурулат.

26-январь, 2026-ж. / Редакция / Билим 83
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X