Олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды
18-майда Бишкек шаарынын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева жалпы билим берүүчү предметтер боюнча мектеп окуучулары үчүн Республикалык (шаардык) олимпиаданын III этабынын жеңүүчүлөрүн сыйлады. Олимпиадага 235 мектеп окуучусу катышты, борбор калаанын мектептеринин 87 окуучусу шаардык олимпиаданын байге ээлери болушту, анын ичинде: 34 окуучу 1-орунга; 2-орун — 28 окуучу; 3-орун — 28 окуучу татыктуу болушкан. 1-орунга вице-мэр грамота жана смартфондорду, экинчи орунга грамота жана акылдуу сааттар, үчүнчү орунга грамота жана наушниктерди тапшырды.