ООГАНСТАН ЖҮРӨКТӨГҮ ТАК

13-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 54

“Түн мени жеп коё тургандай сыяктанат. Түнү бою сыртта басып жүрүп, багымдат намазынан кийин Бахадырдын үйүнө барам. Бахадырдын кайтыш болгону мага өтө оор болгонун өзүм билип турам. Күндүзү кечке чейин Бахадырдын үйүндө болуп, келди-кетти эл менен кандайдыр бир деңгээлде алаксыйм да, кечинде үйгө келгенден кийин өзүмдү жоготуп койгон сыяктуу болом. Үч-төрт күндөн бери түндү китеп окуу менен өткөрүп жатам. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан Илязды окудум, «оой Академик» деп башталган Камалды (Абубакир, Калыпаны) окудум, Толгонайды окудум, Саадат менен Касымжанды окудум… Дүйнөдө китеп деген жакшы дос бар экендигине шүгүр кылам. [03.08. 18:30]” Бул смс мага 2025-жылы 3-августта Өзгөндүк Илхомжан агаман келген эле. Бүгүн вотсап аркылуу байланышып отуруп, кайрадан көзүмө урунду.

Айрым адамдардын дүйнөдөн өтүп кетиши менен аалам бөксөрүп калгандай сезилет. Үнсүздүк, боштук, муздак… Илхомжан акенин иниси Бахадыр Абдулкасимовдун бул дүйнөдөн кайтыш болгону да дал ошондой таасир калтырды. Анын ааламдан өтүүсү жакындарына гана эмес, аны тааныган, сөзүн уккан, адамгерчилигине күбө болгон ар бир адамга оор тийди. Илхомжан акенин жазган билдирүүсү ошол кайгынын канчалык терең экенин даана көрсөтүп турат. Күндүз эл менен алаксып, түн киргенде өзүн жоготуп, уйкусу качкан адамдын абалы – бул жөн гана кайгы эмес, бул арман-зарга чулганган жүрөктөгү боштуктун үнү. Түн – санаага баткан адамдын жан дүйнөсүн көрсөтүп турган күзгү сыяктуу. Ошол түндөрдө китеп гана жөлөк болуп, Айтматовдун каармандары менен сырдашып, жалгыздыгын жеңүүгө аракет кылган Илхомжан акенин: «Бул дүйнөдө китеп деген жакшы дос бар экендигине шүгүр кылам» деген сөзү – Бахадыр акенин да, анын жакындарынын да руханий дүйнөсүнүн бийик деңгээлин көрсөтөт.

Илхомжан аке андан кийинки смсинде: “Бахадыр өзүнүн классташы Гүлчехра деген кызга үйлөнгөн эле. Ал аскерде Ооганстанда кызмат өтөгөн. “Ар бир аскерий операцияга кетип жатканымда 10-15 катты ата-энеме, 10-15 катты Гулчехранын атына жазып, эгер мен кечиксем, белгиленген числолордо почтага салып турууну суранып, полктогу досторума калтырып кетер элем. Мен ар дайым аскерий операциядан сөзсүз тирүү кайтам деп ниет кылчумун. Бирок, ок жаңылып, жаракат алып калсам, менден кат барбай калса, күтүп, кыжаалат болуп калышпасын деп ошентчүмүн. Менин Ооган согушунан тирүү кайтышыма Гүл менен болгон аруу махабатыбыз себеп болгон. “Кудай таза сүйүүнү сактайт” деген сөз бар…” деп айтчу. (Бахадыр Гулчехраны эркелетип Гүл деп атаганды жакшы көрөр эле.) Бахадыр китепти аябай көп окуйт эле. Ооган согушу жөнүндө эскерүүнү андай эле жактырчу эмес. Ал согушту жек көрчү. [03.08, 18:30]”

Жоокер катары согушка катышып келип, согушту жек көргөн адам – чыныгы гуманист. Бахадыр аке да дал ошондой эле. Ал кан төгүүнү эмес, билимди тандаган. Ал жөн гана жоокер эмес, ал – сүйүүнүн, ишенимдин, адамдык ар-намыстын жоокери болгонун анын адамга жасаган мамилесинен көрүүгө болот эле. Ооган согушуна барып, ар бир аскерий операцияга кетерде алдын ала кат жазып досторуна “мен жаракат алып калсам бул каттарды өз убагында почтага салып тургула” деп суранганы – анын өлүмдөн коркконунан эмес, жакындарынын жүрөгүн оорутуп алуудан сактанганынан кабар берет. Ар бир кат – аманат, каттын ар бир сабы – үмүт эле. Өзү айткандай, аны согуштан тирүү алып келген күч – жубайы Гүлчехрага болгон таза махабаты болгон. «Кудай таза сүйүүнү сактайт…» Бул сөз анын жашоо философиясы болчу. Бейиши болгур Бахадыр акеден менин жашым кичүү эле, бирок агасы Илхомжан аке менен ага-инилик жакын мамиледе болгонум үчүн ал мага урмат көрсөтүп, дайыма аке деп кайрылчу. Мен ошол мамилесинен анын инсандык бийиктигин, өз агасы Илхомжан акеге болгон урмат-сыйынын чексиздигин, абийиринин тазалыгын көрөр элем. Ал мектепте катардагы мугалимден мектептин директорлугуна чейин иштеп, бүт өмүрүн таалим-тарбияга арнаган мекенчил инсан эле.

Ислам дүйнөсүнүн юруспруденциясы деп таанылган 30 томдук Албапсуд китебин жараткан аалым Ас-Сарахсинин мекени – Паски Өзгөндө бүт өмүрүн эл кызматына арнаган Абдулкасимовдордун үй бүлөсү бар. Алар 6 уул, 2 кыз, 8 бир тууган болушкан. Мен алар менен үй бүлөлүк тыгыз байланышта катташып келатканыма чейрек кылымдан ашты. Бейиши болгур Абдулкасим уулу Маматкасым аксакал менен Хакимжан кызы Токтакан эне баш кошуп, өмүрүнүн соңуна чейин паски (төмөнкү) Өзгөндө дыйканчылык менен эмгектенип өтүштү. Маматкадыр, Садыкжан, Кабылжан, Илхомжан, Неьматжан, Бахадыр деген 6 уул, Муаззам, Мукаддас деген 2 кыздуу болушуп, 8 перзентке жогорку кесиптик билим берип, тарбиялап өстүргөн өзгөчө мээримдүү инсандар болушкан. Арман дүйнө, азыр ошол 8 бир туугандын төртөө жок. (2014-жылы 61 жашында) Садыкжан аке, (2017-жылы 65 жашында) Маматкадыр аке, (2021-жылы 58 жашында) Неьматжан аке, (2025-жылы 60 жашында) Бахадыр аке, төрт азамат тилекке каршы түбөлүк жайга эрте аттанып кете беришти. Бул жоготуулар бир үй-бүлөнүн гана эмес, бүтүндөй жакын санаалаштарынын арманы болду.

Таланттуу акын маркум Салижан Жигитовдун: «Шуулдаба, терегим, теректерим, Шуулдасаң ыйлагым келет менин…» деген бул саптары бүгүн Бахадыр акени жоктоп турган ар бир жүрөктүн үнү болуп угулат. Бахадыр аке СССР доорунда Ооган жергесинде интернационалдык милдетин өтөп, 2 жыл аскер кызматында болуп, СССРдин Кызыл жылдыз орденинин кавалери болгон. «Кызыл Жылдыз орденинин кавалери» – бул сыйлык Мекенди (СССРди) коргоого кошкон эмгеги үчүн – согуш учурунда да, тынчтык мезгилинде да, ошондой эле мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуудагы кызматы үчүн аскер кызматкерлерине ыйгарылчу. СССР убагында Кызыл жылдыз орденинен кийин “Советтер союзунун баатыры” деген эң чоң наам берилчү. Мына ушундай сыймыктуу атуулдарды дүйнө коомчулугуна тарбиялап кошкон Абдулкасимовдордун үй бүлөсү менен сыймыктанууга болот.

“…Шуулдаба, терегим, теректерим,

Шуулдасаң ыйлагым келет менин…

Өтүп барат бул заман зуулдаган,

Өтүп барат зуулдап улуу заман,

Кайрандарым, а силер жатасыңар,

Терек муңун туйбастан шуулдаган…” Илхомжан аке ата-энесинен айрылганда да, ага-инилеринен айрылганда да ошол Өзгөндүн теректери шуулдап турган.  15-февраль – Ооган согушуна катышкан жоокерлердин күнү. Тарыхый мааниси СССРдин Ооганстандагы согушу 1979-жылы башталып, 1989-жылы аяктаган. Бул согушка Кыргызстандан 7 миң 141 жоокер катышып, анын 259у каза болгон, жүздөгөнү жаракат алган. Ошондуктан 15-февраль эрдиктин, кайгынын, сабырдын жана эскерүүнүн күнү болуп саналат. Биз бүгүн ошол Ооган согушунун ардагери Бахадыр Абдулкасимовду эскерип отурабыз. Ал СССРдин «Кызыл Жылдыз» орденинин кавалери болчу. Бирок анын эң чоң сыйлыгы «Кызыл Жылдыз» эмес – жалпы элдин сыйы, үй-бүлөсүнүн сыймыгы, жакындарынын сый-урматы эле.

Ал, пакиза түгөй, ишенимдүү дос, билимдүү инсан, мекенчил жоокер, абийирдүү адам болду. Ошондуктан анын өмүрү текке кеткен жок. «Өтүп барат бул заман зуулдаган, өтүп барат зуулдап улуу заман …» Бирок айрым адамдардын ысымы заман менен кошо өтпөйт. Алар элдин эсинде, жүрөктө, эскерүүлөрдө түбөлүк жашай берет. Бахадыр Абдулкасимов да ошондой адамдардын катарында. Бүгүн анын артында, сүйүктүү жубайы, таалимдүү уул-кыздары, урматтаган бир туугандары, сыйлаган достору, үлгү алган окуучулары, жаштар калды. Демек, ал өз өмүрүн татыктуу жашап өттү. Ар-намысын жоготпой сактап өттү. Бүгүн шуулдап шоокум салган теректердин үнүндө Бахадыр акенин да үнү бар. Ага болгон эскерүү бар. Сагыныч бар. Урмат-сый бар…

Бахпурбек Аленов

13-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 54
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X