"Эркин-Тоо"

Ооганстанда автобус, күйүүчү май ташыган унаа жана мотоцикл сүзүшүп, 21 адам каза болду

Ооганстандын түштүгүндөгү Гильменд провинциясында автобус, күйүүчү май ташыган унаа жана мотоцикл сүзүшүп, 21 адам каза болду. Бул тууралуу Alarabiya провинциясынын губернаторунун өкүлү Мохаммад Касим Риязга шилтеме берүү менен билдирди.

Associated Press агенттигинин маалыматына караганда, кырсыктан 38 адам жабыркаган.

Кырсык түштүк Кандагар менен батыштагы Герат провинциясынын ортосундагы негизги трассада болгон. Мотоцикл жүргүнчүлөрдү ташыган автобусту сүзгөн, автобус жолдун каршы өйүзүндөгү күйүүчү май ташыгычты сүзгөн. Гилменд полициясынын басма сөз катчысы билдиргендей, жабыркагандар оор жаракаттар менен ооруканага жаткырылган.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!