"Эркин-Тоо"

Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков дүйнө чемпионатынан күмүш байге алды

Кыргызстандык оор атлетчи  Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча дүйнө чемпионатында  экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды. Спортчу жулкуп көтөрүү боюнча 167 килограммды, ал эми түртүп көтөрүүдө 217 килограммды багындырган. Ал 384 упай топтоп, жалпы эсепте 4-орунга жетти. Ал эми түртүп көтөрүүдө экинчи, жулкуп көтөрүүдө тогузунчу орунду ээлеген.
Эске салсак, Дүйнө биринчилиги Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жатат. Бекдөөлөт 102 килограмм салмак категориясында ат салышты. Мелдешке 432 оор атлетчиси катышууда. Анын ичинен 245и эркектер, ал эми 187си кыз-келиндер. Кыргызстандын курама командасы жарышка үч балбанды алып барган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!