Ооруканадагы жарылуудан кыргыз жараны каза болду

Өзбекстанда ооруканадагы жарылуудан 56 жаштагы кыргызстандык аял каза болгон. Каза болгон жарандын сөөгү Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Окуя 11-февралда Анжиян облусунун Шахрихан районундагы «Зитерия» жеке дарылоо-дарт аныктоо борборунда орун алган.

Расмий маалыматка ылайык, кырсыктан жабыркагандардын саны 11ге жеткен.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X