Орточо эсеп менен аялдар күнүнө 4 сааттан ашык убактысын үй иштерине жумшашат

9-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 222

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы кыз-келиндер тууралуу бир катар статистикалык маалыматтарды жарыялады.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын башына карата өлкөнүн калкы 7,4 миллион адамга жеткен. Анын ичинде аялдардын үлүшү 50 пайыздан ашып, эркектерге караганда бир аз көбүрөөк. Аялдардын орточо курагы 30 жаш, ал эми эркектердики 28 жаш. Ошондой эле аялдардын күтүлгөн өмүр узактыгы 77 жаш, эркектердики 68 жаш экени белгиленген.

2024-жылы өлкөдө 45 миңден ашуун аял турмушка чыккан. Алардын 87 пайызы биринчи жолу никеге турган. Орточо эсеп менен кыздар 24 жашында турмушка чыгышат, ал эми экинчи жолу турмушка чыккандардын жашы 35тин тегерегинде. Орточо эсеп менен алганда, бир аял үч бала төрөйт.

Статистикага ылайык, 2024-жылы эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын 48,7 пайызы иш менен камсыз болгон. Алар негизинен билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык кызмат көрсөтүү жана соода тармактарында эмгектенишет.

Билим берүү тармагында аялдар басымдуулук кылат. 2024–2025-окуу жылында мектеп мугалимдеринин 87 пайызы аялдар болгон. Орто кесиптик окуу жайларында студенттердин 58 пайыздан ашыгы, ал эми жогорку окуу жайларда 55 пайызга жакыны кыздар экени айтылды.

Ошондой эле аялдар күнүнө орточо 4 саат 40 мүнөтүн үй иштерине жумшашат. Бул алардын убактысынын 19 пайыздан ашыгын түзөт. Ал эми эс алууга жумасына орточо 2 саат 20 мүнөт бөлүшөт.

9-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 222
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X