Өрттөн кийин мектеп жаңы имаратка муктаж
Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагындагы Кызыл-Ой айылына барып, өрттөн жабыркаган Түркмөн орто мектебинин абалы менен таанышты.
Эске салсак, 19-ноябрда мектептин имаратында өрт чыгып, ашкана, китепкана, бала бакча жана күрөш залы жайгашкан корпус толугу менен күйүп кеткен.
Мектеп жетекчилигинин маалыматына караганда, өрт кырсыгынан кийин окуучуларды ысык тамак менен камсыздоо токтоп калган. Мындан тышкары, мындан 30 жыл мурда курулган негизги корпуста жылытуу системасы жок болгондуктан, окуу класстары темир мештердин жардамы менен жылытылып келет.
Мектеп жамааты жана айыл тургундары билим берүү мекемесинин учурдагы абалын эске алуу менен жаңы, заманбап мектеп куруу зарылдыгын белгилешти.
Өз кезегинде депутат Бактыбек Чойбеков жергиликтүү тургундардын жана мектеп жамаатынын өтүнүчүн Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүп, жаңы мектептин курулушу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүгө аракет кыларын билдирди.