Орунбеков: «Маалымат каражаттарынын материалдык жана уюштуруучулук базасын калыбына келтирүү этабы аяктады»

16-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 70

Акыркы жылдары Кыргызстандагы мамлекеттик маалымат каражаттары олуттуу өзгөрүүлөрдөн өттү. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, узак убакыт бою мамлекеттик медиалар жетишсиз каржылоо, эски инфраструктура жана кадрдык тартыштык себептүү алсырап келген. Бүгүн болсо мамлекет бул тармакты комплекстүү калыбына келтирүү этабын аяктап жатат.

Акыркы жылдары Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен УТРК, ЭлТР, “Кабар” агенттиги жана бир катар басма сөз каражаттарында капиталдык ремонт жүргүзүлүп, заманбап техникалар алынган. УТРКнын 50 жыл оңдолбогон имараты толук реконструкцияланып, жаңы көчмө телестудиялар жана кызматтык унаалар сатылып алынган.

ЭлТР телеканалынын Ош шаарындагы имараты жаңыланып, Ысык-Көлдө кызматкерлер үчүн эс алуу борбору курулду. “Кабар” агенттиги эл аралык стандарттарга жооп берген деңгээлге жетсе, “Эркин Тоо”, “Кыргыз Туусу”, “Слово Кыргызстана” сыяктуу басылмаларга кызматтык унаалар берилди.

“Эркин Тоо” гезитинде жүргүзүлгөн реформа: Басылма 2025-жылы 33,5 миллион сомдук иш жүргүзүп, карыздарынан толук кутулуп, учурда 12 миллион сом резервдик каражат менен иштеп жатат.

Мындан тышкары, алдынкы жылдары кезекте турган мамлекеттик жана жеке медиаларда иштеген 50дөй журналисттер Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу батирлүү болушат. Бул турак жайга муктаж адистерди социалдык жактан колдоонун маанилүү кадамы. Тизмеде көп жылдан бери үйү жок, унаасында жашап иштеген, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, жалгыз бой жана көзү өтүп кеткен журналисттин артында калган үй-бүлөлөрү бар.

Дайырбек Орунбеков билдиргендей, мамлекет мамлекеттик маалымат каражаттарынын материалдык жана уюштуруучулук базасын калыбына келтирүү этабын аяктады. Эми мындан аркы натыйжа башкаруучулук чечимдерге, кадрдык саясатка жана эң башкысы — чыгарылып жаткан контенттин сапатына жараша болот. Мамлекет бул багытта мамлекеттик гана эмес, жеке медиаларды колдоо боюнча да ырааттуу иштерди жүргүзүп жатат.

16-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 70
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X