Ош: №2 үй-бүлөлүк медицина борбору толук оңдоого муктаж

30-январь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 120

Таңкы рейддин алкагында Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Манас-Ата аймактык башкармалыгында жайгашкан шаардык №2 үй-бүлөлүк медицина борборунун жана №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (поликлиника) имаратынын учурдагы абалы менен таанышты.

Маалым болгондой, аталган медицина борбору көп кабаттуу турак үйдүн биринчи кабатында жайгашкан жана ушул күнгө чейин капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн эмес. Шаар башчысы имаратты толук капиталдык оңдоодон өткөрүү зарылдыгын белгилеп, бул багытта тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди. Ошондой эле поликлиниканын аймагында жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды алып салуу боюнча көрсөтмөлөр берилди.

Кыдыруу учурунда көп кабаттуу үйдүн жашоочулары да мэрге кайрылып, өз арыз-даттанууларын билдиришти. Жеңишбек Токторбаев жашоочулардын кайрылууларын угуп, алды менен тургундардын өздөрүнө тиешелүү аймакты иретке келтирип, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

30-январь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 120
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X