Ош менен Андижан кызматташат

21-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 41

2022-2023-жылдарга Ош шаары менен Андижан облусунун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча “Жол картасынын” 2-4-пунктун аткаруу максатында кечээ Ош шаарынын вице-мэри Марс Исаев баштаган делегация Өзбекстандын Андижан облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында, биринчи вице-мэр Андижан облусунун губернаторунун орун басары А.Максумов менен жолугушуп, Ош шаарынын мэриясы менен Андижан облусунун туризм жана маданий мурастар башкы башкармалыгынын ортосунда туризм тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Кызматташуу боюнча 7 келишимге кол коюлганы айтылды.

21-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 41
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X