Ош мэри Сулайман-Тоонун тургундарынын көйгөйлөрүн укту

12-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 101

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин шаар тургундары менен жолугушуулары уланууда. Бул жолу калаа башчысы тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундарынын суроолоруна жооп берди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, анда тургундар социалдык, коммуналдык, турак жай жана инфраструктуралык маселелерди көтөрүштү.

Алар балдар аянтчасын жана откананы куруу, маршруттук каттамдардын жүрүү графигин жакшыртуу, талаштуу жер тилкеси, газ жана электр энергиясы менен камсыздоо боюнча кайрылышты.

Мэр Жанарбек Акаев тургундардын суроолорун угуп, айрым көйгөйлүү аймактарды жеринен көрүп чыгарын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында шаар башчысы көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү кызматтар менен биргеликте карап чыгууну жана тез арада чечүүгө мүмкүн болгон көйгөйлөрдү жөнгө салууну тапшырды. Мекеме-ишканалардын жетекчилерине тиешелүү протоколдук тапшырмалар берилди.

12-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 101
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X