Ош — Ноокат — Исфана жолунун курулушу башталат

Узундугу 47 чакырымды түзгөн  Ош — Ноокат — Исфана жолунун курулушу күз айларында баштала тургандыгын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ноокат районунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди. Эскерте кетсек, бул жолдун 70 пайызы учурда жарактан чыккан.  Андыктан Улукбек Марипов элди сабырдуулукка чакырып, «Ноокат аркылуу өткөн жолдун абалын өз көзүм менен көрдүм. Ошондуктан курулуш иштерин эртерээк баштоого аракет кылабыз. Бул жол тилкеси мыкты сапатта болот деп айта алам», — деди эл алдында.

Мындан тышкары министрлер кабинетинин башчысы  жолдо жайгашкан көпүрөлөрдүн да курулушуна токтолуп, «Эски көпүрө жараксыз абалга келген. Устундардын биринен жарака кеткен. Ошондуктан ушул жылдын апрель айында көпүрөдөн өтүү токтотулган. Азыр эл жолду айланып өтүүдө. Убактылуу көпүрө дагы ошондой бекем, бирок убактылуу. Көпүрө ушул жуманын аягына чейин колдонууга берилет», — деди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X