"Эркин-Тоо"

Ош облустар аралык онкология борборунун директору качан дайындалат?

Ош облустар аралык онкология борборунун директору кадрдык резервди сынактык тандоодон кийин дайындалат. Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.  Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов аталган медициналык мекеменин жетекчисин дайындоо талабын койгон. Анын айтымында,  аталган бейтапканада имарат суук, дары-дармек жетишсиз болуп, эл кыйналууда.

Учурда министрлик ооруканада директордун милдетин аткаруучу Денис Касымов бар экенин белгиледи. Министрлик сынактын мөөнөтүн тактаган жок.

 

Пример HTML-страницы