Ош облусунда 22 жаштагы милиция кызматкери каза болду

18-июнь, 2022-ж. / Редакция / Кырсык 54

Ош облусунда 22 жаштагы милиция кызматкери кызмат учурунда каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2022 -жылы 16-июнда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери милициянын лейтенанты Мырзабеков Сыймык Салмоорбекович кызмат өтөп жаткан учурда кырсыкка кабылып курман болду. Сыймык Салмоорбекович 2000-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Жетим-Дөбө айылында төрөлгөн. 2017-2021-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясын аяктаган. 2021-жылдын 4-ноябрына чейин Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын участкалык уполномоченный кызматын аркалап келген.

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана өздүк курамы Сыймык Салмоорбековичтин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

 

18-июнь, 2022-ж. / Редакция / Кырсык 54
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X