Ош облусунун башчысы памирлик кыргыз үй-бүлөлөрү менен жолукту

10-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Аймак 53

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев Чоң-Алай районундагы Бурган-Суу айылында жашаган памирлик кыргыз үй-бүлөлөрүнө барды. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлады.

Ал жаңы конушка көчүп келген жарандардын жашоо шартын, кышка даярдыгын жана күнүмдүк муктаждыктарын көрүп чыкты. Жергиликтүү тургундар пенсия маселеси, кошумча жумушка орношуу жана мектепти бүткөн балдарды жогорку окуу жайга киргизүүдө колдоо зарылдыгын айтышты. Облус жетекчиси көтөрүлгөн маселелердин ар бири караларын билдирди.

Маалыматка ылайык, Чоң-Алай районунда жалпысынан 22 үй-бүлөдө 98 жаран жашайт. Алардын ичинен 12 үй-бүлөдөгү 47 балага ай сайын 2040 сом өлчөмүндө мамлекеттик жөлөк пул төлөнүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин 35 жаран Кыргыз Республикасынын жарандыгын алып, дагы 4 адам «Кайрылман» күбөлүгүнө ээ болгон. Ошондой эле бул конушта төрөлгөн 8 балага тиешелүү туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр берилген.

Белгилей кетсек, памирден көчүп келген кыргыздарга эки үй-бүлөгө ылайыкталган жалпысынан 12 турак жай курулган.

10-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Аймак 53
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X