"Эркин-Тоо"

Ош шаардык “Лотос” үй-бүлөлүк балдар үйүнүн жетекчиси Рахат Аманова: “Балдарыбыз бизге эркелешет, кээде бук болгондо ыйлашат”

-Рахат Аманованы адабий сайттын ээси, бир катар чыгармаларга карата сын-пикирлерин соцтармактарга байма-бай жарыялап турган адабият сүйүүчү, тажырыйбалуу тарыхчы мугалим катары билсек , ошол эле учурда балдар үйүнүн жетекчиси катары тааныйбыз. Алгач өзүңүз жетекчиликке алган “Лотос” үй-бүлөлүк балдар үйү тууралуу маалымат бере кетсеңиз…

            -Ырахмат, жогоруда аталган балдар үйүнө жетекчи болгонума бир жыл болуп калды. Учурда карамагыбызда  он бала тарбияланат.

Негизи бул үй-бүлөлүк балдар үйү  1998-жылы ар кандай  турмуштук шартка байланыштуу кароого муктаж болгон балдарды үй шартында багып, тарбиялоо максатында уюштурулган. Үй-бүлөлүк балдар үйүнүн балдар үйүнөн, интернаттардан айырмасы бар. Бизде балдар  толук кандуу үй-бүлө шартында тарбияланат. Кароосуз калган балдар үчүн гумандуу саясатты колдоо максатында, СССРде 1980-жылдары жетим балдарды  үй-бүлө шартында багуу идеясы келип чыгып, үй-бүлөлүк балдар үйлөрү түзүлгөн болчу. Ош шаарында бул 1998-жылы шаардык кеңештин жана мэриянын колдоосу менен уюшулган. Шаардык бюджеттин эсебинен каржыланат. Биздин карамагыбызда бала багууга чама-чаркы жетпей калган, моралдык же материалдык жактан жабыркаган ата-энелердин кароосуз калган балдары, б.а. жарым жетим же ата-энесиз калган тоголок жетимдер.

— Имараттын ички ремонту, оңдоо-түзөө иштерине каражат табуу маселеси кандай болду?

— Тиешелүү жерлерге балдар үйү капиталдык ремонотко муктаж экендигин айтып, арыз менен кайрылган болчумун. Жергиликтүү админстрация жетекчилери капиталдык ремонтко 2022-жылга бюджеттен акча каражатын карап беребиз деп кат жүзүндө жооп беришкен. Бирок ага чейин демөөрчү боло турган адамдар табылып калып, ички ремонтун капиталдык ремонттон өткөрүп бүттүк. Эртерек ремонт жасатканыбыз жакшы болду, 1953-жылы курулган эски финский имарат көп жылдан бери капиталдык ремонттон өтпөй, абалы ушунчалык начарлап кеткен экен.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы да жардамын аяган жок. Анткени бюджеттен бизге ремонтко бир жылга элүү миң сом эле каралат. Билим берүү башкармалыгы эскирип бүткөн жылыткыч батареяларды жана электр түйүндөрүн толугу менен монтаждап, ремонт жасап берди. Имаратыбыздын ички капиталдык ремонту аяктаган соң, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жана  шаардык тургундардын демөөрчүлүгү менен эмерек, төшөнчү, идиш-аяктарына чейин жаңырттык. Учурда имараттын сыртын колдон келишинче аз-аздап ремонттоп жатабыз. Азыр кудайга шүгүр, балдарыбыз жакшы шартта жашап жатышат. Элден айланса болот…

— Чыгармачыл адамсыз… Ата-энеден алыс өсүп жаткан, ичинде өксүгү бар аялуу балдар менен иш алып баруу, аларга тарбия берүү иштери сизди канчалык деңгээлде туйшүккө салды экен? Оор болгон жокпу, аялуу балдардын дүйнөсүнөн эмнелерди сезип, эмнени туя алдыңыз деп сурагым келди?

            —Ишенесиңби, кээде чыгармачыл адамга да шарт-жагдайга жараша катуурак мүнөз күтүүгө туура келет экен, антпесең айрым иштерди жөнгө салуу оор. Жогоруда имарат менен жашоо шарттын жакшырганы тууралуу айтып өтсөм, эми балдар тууралуу да билгиң келди окшойт. Биздин карамагыбызда бой жетип келе жаткан балдар-кыздар бар, мен жетекчи болуп келген тушта алар өзүм билемдик мүнөз менен  бир топ чектен чыга баштаган учуру экен, балким буга алардын “өткөөл куракта” экени да себеп болгон чыгар. Айрымдары менен жекече сырын тартып сүйлөшүп, айрымдарын кадимкидей катуу көзөмөлүмө алып, айтор бир топ машакатка салган оор учур өттү…

Азыр бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүндөй эле балдарыбыздын бизге, биздин балдарыбызга карата ишенимибиз менен жылуу мамилебиз калыптанып калды. Балким, жасалма үй-бүлө түзүү деп бирөөлөр айтышы мүмкүн. Бирок учурда ата-энесиз же кароосуз калган балдарды тарбиялоонун эң гумандуу форматы ушул үй-бүлөлүк балдар үйү экенине ынандым. Анткени биздин балдар эч кайда кеткиси келбейт. Алардын арасында интернатта дагы, баштапкы типтеги балдар үйүндө дагы, фостердик үй-бүлөлөрдө дагы тарбияланып келген балдар бар. Балдарыбыздын көпчүлүгү орто жана бойго жетип калган өспүрүм курактагы улан-кыздар болгондуктан бардыгын ачык айтышат. Алардын айтымында өздөрүнүн бир боор уясындай сезген үйү ушул үй- бүлөлүк балдар үйү. Мына ушул балдардын уясына айланган үйүбүздөн эч кайда кеткиси келбейт. Балдарыбыз бизге эркелешет, сырын айтышат, кээде бук болгондо ыйлашат…

— Коомдук иш-чараларга колдон келишинче салымыңызды кошуп келесиз. Маданий, адабий турмуштан да четте калбай КМБ адабий сайтындагы ишмердүүлүгүңүздү жүргүзүп, ар кандай иш-чараларга тээ Оштон бери келип катышып, кээде уюштуруп турасыз. Адабият сиз үчүн…

            — Адабият мен үчүн  улуу илим. Адамды таанып-билүүдө адабияттан ашкан илим барбы? Адам-Жараткандын улуу табышмагы. Ал эми адабият- адамды иизилдеп, жазып, окуп,таанып-билүүдөгү илимдердин атасы. Адам өзүн таанып-билип үйрөнүү үчүн, өзүн агартып туруу үчүн, адамдык касиетин туу тутуп жашашы үчүн адабият керек.

Акын-жазуучулар ушул улуу миссияны татыктуу аркалаганга милдеттүү экенин билет. Ошон үчүн кандай заман болбосун, алтургай, азыр бизде китеп анча окулбай калган заманда деле акын-жазуучулар чыгарма жаратып, бар-жок дебей миссиясын татыктуу өтөп келатат. Анан ушундай улуу агымдан четте калууга мүмкүнбү? Жок, мүмкүн эмес. Канында чыгармачылык ойноп турган адам мындай процесстен четте калбайт. Андыктан, азыркы заманда адабият үчүн кымындай пайда келтирсем экен дейм. Тээ четте сынап карап олтурбай, чыгармачыл журт менен болгум келет.

            — Кээде айрым чыгармачыл инсандардын чыгармачылыгына карата жазылган өтө курч сын-пикирлериңизди, макалаларыңызды окуп турабыз. Өз оюңузду жымсалдабай түз айтуу сизге оор эмеспи?

               — Негизичи, адам калыстыктан тайбаш керек, өзгөчө адабиятта жымсалдабай түз сүйлөө бүгүнкү күндүн талабы. Себеби, кайсы учурда болбосун адабияттагы өсүүнү, алдыга карай жылууну түз айтылган сын пикирлер жөнгө салат. Түз айтылган сынды да ар ким ар кандай кабылдайт, бирөө туура кабыл алып, кайра башка чыгармаларына пикир айтууңдү суранат. Айрым авторлор тескерисинче жаман көрүп, жактырбай калышат. Бирок бир байкаган нерсем — чыныгы чыгармачылыкка дил төшөгөн, адабиятта жашайын, өсөйүн деген авторлордун көбү сын-пикириңди астейдил кабыл алып, кайра сага болгон кызыгуусу артып, улам-улам чыгармалары жиберип пикир угуп турушат. Алар үчүн өз чыгармаларына карата айтылган сын-пикир ачуу-таттуусу менен кошо кызык…

                -Ушул бүгүнкү турушуңуздагы акыл-тажырыйбаңыз, билимиңиз, жашоого карата калыптанган көз карашыңыз менен кошо кайра баштан жаралуу мүмкүнчүлүгү берилсе такыр башка бийиктиктен табылчудай сезилет экенсиз?

               — Сөз жок… Эгер ошондой мүмкүнчүлүк бериле турган болсо, мен башынан баштап эле адабиятта жашамакмын. Анан кыргыз бойдон калууну каалайт элем, азыркы турушумда мага эң бир жаккан нерсем – өзүмдүн кыргыз экендигим.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!