Бүгүн, 15-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов өкмөттү Ош
шаарындагы тыгын маселесине көңүл бурууга чакырды. Ал Министрлер кабинетинин Бишкек шаарындагы тыгынды чечүү үчүн жумушчу топ түзүү боюнча кабыл алган чечимин эске салып,
буга Ош шаарындагы кошууну сунуш кылды. «Ош шаары биздин экинчи борборубуз. Бүгүнкү күндө ал жерде жол көгөйү абдан оор. Ачыгын айтыш керек, ал жактагы тыгын, жолдордогу оңдоо иштеринен улам жергиликтүү тургундардын нааразычылыгы күч алууда. Ошто кошумча көпүрөлөр курулуп жатат. Бирок бул көйгөйдү толук чечпейт. Эгер Ош айланма жолу курулса анда тыгын маселеси чечилмек», — деди Примов.
Комментарий калтыруу