“Ош-Тазалык” ишканасына жаңы техникалар тапшырылды

16-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 155

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникаларды жана жабдууларды тапшырды.

Иш-чарага Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн Кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Йоханнес Баур катышты.Возможно, это изображение один или несколько человек

Жаңы техникалар Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) жана Европа Биримдигинин колдоосу менен гранттык негизде алынган. Алардын катарында 1 экскаватор-жүктөгүч, 3 таштанды ташуучу унаа, 6 контейнер жана таштанды ныктай турган атайын техника бар.

Иш-чаранын алкагында Жанарбек Акаев менен Йоханнес Баур катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу долбоорунун жүрүшүн жана мындан аркы кызматташтыкты талкуулашты.Возможно, это изображение текст

Белгилей кетсек, аталган долбоор 2016-жылдан бери ишке ашырылып, анын алкагында ишкананын базасы модернизацияланып, шаарда 300 контейнердик аянтча уюштурулган. Учурда жаңы санитардык полигонду куруу иштери уланууда.

16-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 155
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X