Ош: Туризмди өнүктүрүүгө 6 млн. доллар бөлүндү

28-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 45
Ош шаарынын туризм тармагын өнүктүрүү үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан 6 миллион доллар бөлүндү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк банктын Ош облусунда жана Ош шаарында «Региондук экономикалык өнүктүрүү» долбоорунун Байкоочу кеңешинин отуруму өтүп, бир катар долбоорлорду ишке ашырууга макулдук берилген.
Ага ылайык , Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театрынын айланасындагы муниципалдык жерлерге туристтик–архитектуралык инсталляциялар куралат. Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу паркындагы жайкы театр оңдоп-түзөлөт. Алишер Навои атындагы парктын бир бөлүгүнө эс алуучу аймак курулат жана Ош шаарынын борбордук аянты реконструкцияланат.
Мындан тышкары Ош шаарынын Ак-Буура дарыясынын эки жээгин бекемдөө, санитардык тазалоодөн өткөрүү, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча долбоорлор иштелип чыгат.
2-этапта Нурматов көчөсүндөгү көпүрөдөн баштап А.Навои көчөсүндөгү «Достук» көпүрөсүнө чейин жасалат.
Белгилей кетсекк, аталган долбоорлор Кыргызстандагы коомчулукту өнүктүрүү агенттиги (АРИС) аркылуу ишке ашырылмакчы.
28-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 45
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X