Ошто №4 ҮМБга жаңы тез жардам унаасы тапшырылды

12-февраль, 2026-ж. / Редакция / Аймак 50

Ош шаарынын Жибек-Жолу муниципалдык аймагында тез жардам унаасынын жетишсиздиги боюнча көтөрүлгөн маселе боюнча жарандардын кайрылуусунун негизинде Ош шаардык №4 Үй-бүлөлүк медицина борборуна жаңы тез жардам унаасы тапшырылды.

Маалыматта айтылгандай, жаңы унаа калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат. Айрыкча өзгөчө кырдаалдарда бейтаптарды өз убагында жеткирүүгө жана ыкчам медициналык жардам көрсөтүүгө шарт түзөт.

12-февраль, 2026-ж. / Редакция / Аймак 50
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X