Ошто 16 жаштагы кыз зордукталды

27-июнь, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 37

Ош облусунда 16 жаштагы кыз зордукталды. Бул тууралуу жабырлануучунун атасы Ош ОИИБине кабарлаган.

Маалым болгондой, бул факты 23-июнда болуп, эртеси кыздын атасы арыз жазган.

“Окуя каттоого алынып, тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө жүргүзүлүп жатат. Окуянын чоо-жайын 94-беренеге (жазык жоопкерчилиги курагына жете элек жашы жетпеген укук бузуунун коргоо) ылайык толук айта албайбыз. Буга акыркы учурдагы балдар катышкан фактылар боюнча ата-энелерден, туугандарынан арыз көп түшүп жатканы себеп”, — дешет мекемеден.

27-июнь, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 37
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X