Ошто 1926-жылкы мектептин ордуна жаңы мектеп курулат

11-февраль, 2026-ж. / Редакция / Аймак 56

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы №3 М.В. Ломоносов атындагы мектептин эски имараты бузулуп, анын ордуна 750 орундуу заманбап жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, мектеп Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгындагы Курманжан-Датка көчөсүнүн №97 дарегинде жайгашкан. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштерин 2026-жылдын аягына чейин аяктоо пландалууда.

Белгилей кетсек, мектептин эски имараты 1926-жылы курулуп, учурда авариялык абалга келген. Бүгүнкү күндө имаратты бузуу иштери башталды.

11-февраль, 2026-ж. / Редакция / Аймак 56
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X