Ошто дарыянын боюнан студент кыздын жансыз денеси табылды

30-июнь, 2022-ж. / Редакция / Кырсык 41

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын боюнан студент кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен кабарлашты.

Милициянын маалыматына ылайык, 28-июнь күнү Ош шаарынын Курманжан датка кичи районунун аймагынан 20-25 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган.

«Ош ШИИБинин ыкчам кызматкерлери тарабынан кыздын аты-жөнү аныкталып, ал Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин 2-курсунун студенти Ш.к.А. экендиги белгилүү болду.

Экспертиза дайындалды, анын жыйынтыгына жараша толугураак маалымат кийин берилет», — деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, маркум кыз 27-июнда саат 23:00 чамасында жатканадан чыгып кеткен боюнча кайра барган эмес.

30-июнь, 2022-ж. / Редакция / Кырсык 41
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X