Ошто эки заманбап асма жол куруу демилгеси көтөрүлдү
Ош шаарында туристтик дараметти жогорулатуу, эс алуучулардын агымын көбөйтүү жана туризм тармагын өнүктүрүү максатында эки заманбап асма жол куруу демилгеси каралууда.
Бул багыттагы долбоорду талкуулоо үчүн бүгүн Ош шаарына австриялык Doppelmayr, франциялык Ammandy жана Кытайдын курулуш компанияларынын адистери келишти.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев чет элдик адистер жана тиешелүү муниципалдык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте көчмө жыйын өткөрдү. Анда долбоордун негизги багыттары талкууланып, асма жолдорду курууга мүмкүн болгон аймактар жеринен каралды.
Алдын ала сунушталган долбоорго ылайык, асма жолдордун бирин шаардын түштүк-чыгыш тарабындагы Юго-Восток кичи районунан Ак-Буура дарыясын бойлой Навои атындагы сейил бакка чейин тартуу пландалууда. Экинчи асма жол Керме-Тоо тоосунан башталган багытта курулушу мүмкүн.
Учурда долбоор боюнча тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жана алдын ала тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Даярдык жана макулдашуу иштери толук аяктаган соң, курулуш иштерин келерки жылдын жаз айларында баштоо пландалууда.