Ошто эки жаш кыз көп кабаттуу үйдөн секирип, бирөө каза болду

17-март, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 39

Ош шаарындагы беш кабаттуу үйдүн чатырынан эки окуучу кыз кулап, бирөө көз жумду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 17-мартта саат 13:30дар чамасында Ош облустук ооруканасынан милицияга маалымат келип түшкөн. Анда Ош шаарынын К.Маркс атындагы орто мектебинин 7-классынын эки окуучусу, классташ кыздар Ош шаарынын А. Шакиров көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу №9 үйдүн чатырынан бойлорун таштап жиберишкен.

Кыздардын бири окуя болгон жерде каза болуп, экинчиси оор абалда Ош облустук ооруканасына жеткирилген.

Учурда аталган факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан ар тараптуу иликтөө иштери башталды.

17-март, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 39
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X