Ошто КМШнын «ART EXPO» эл аралык көргөзмөсү башталды

14-ноябрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 48

Ош шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин «ART EXPO» эл аралык көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышы болду. Иш-чара сүрөтчүлөрдүн, кол өнөрчүлөрдүн, дизайнерлердин, режиссёрлордун жана жаш чыгармачыл адистердин башын бириктирди.

Көргөзмөнүн ачылышында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков сөз сүйлөп, Ош шаарынын тарыхый жана маданий ролун белгиледи.
«Бул көргөзмө элдерибиздин ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөгө жана чыгармачылыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачууга өбөлгө түзөт», — деди ал.

Иш-чара Кыргызстандын Маданият министрлигинин, КМШнын Аткаруу комитетинин, Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун жана «Арт-араба» коомдук фондунун колдоосу менен өткөрүлдү. Ошондой эле уюштурууда Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Ош мэриясы көмөк көрсөттү.

14-ноябрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 48
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X