Ошто «Мал ууру» рейдинин жүрүшүндө 24 кылмыштын бети ачылды
8-10-апрель күндөрү Ош облусунун аймагында жүргүзүлгөн рейддин алкагында мал уурулук фактылары боюнча жарандардан келип түшкөн кайрылуулардын негизинде Ош облусунун аймагында жайгашкан мал базарларды кароо жүргүзүлдү. Уурдалган малдарды саткан каналдарды аныктоо максатында көчмө посттор уюштурулуп, мыйзамсыз мал союлган жерлерди аныктоо аракеттери көрүлгөн.
Иш-чаранын жүрүшүндө мал базарларда мал уурулук фактыларынын алдын алуу жана бөгөт
коюу максатында түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.
Мындан тышкары эт азыктарын, малдын терилерин кайра иштетүүчү жайлар тешерүүгө алынып, мал уурулук менен алектенген 15 жаран кармалган. Маалыматка ылайык, кармалгандардын ичинен бешөө мурда мал уурдагандыгы үчүн соттолгондор болсо, дагы 10у башка кылмыш жасагандыгы үчүн жоопко тартылгандар.
