Ошто «Менин айылым» долбоорунун кийинки этабы талкууланды
Ош облусунда «Менин айылым» долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иштердин жыйынтыгы жана мындан аркы кызматташуу багыттары талкууланды.
Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаевдин Түштүк Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) жана «Кыргыз Республикасындагы “Менин айылым” долбоорун пост-долбоордук колдоо» долбоорунун Долбоорду башкаруу боюнча консультациялык тобунун (PMC) эксперттери менен жолугушуусунда айтылды.
Жолугушууга долбоордун жетекчиси Ли Мин Хо, маркетинг боюнча эксперт Юн Тхэ Ю жана талаа менеджери Пак Хе Гён катышты.
Тараптар долбоордун Ош облусундагы максаттуу айылдарында аткарылып жаткан демилгелердин учурдагы абалын, жетишилген натыйжаларды жана долбоордун кийинки этабын талкуулашты.
«Менин айылым» долбоору айыл жергесинде киреше алып келүүчү объектилерди колдоого, жергиликтүү жамааттардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана калктын кирешесин көбөйтүүгө багытталган.
Учурда эксперттик топ Жылуу-Суу, Орто-Арык жана башка максаттуу айылдардагы киреше алып келүүчү объектилердин ишмердигин иликтеп, жергиликтүү өнөктөштөр менен кызматташууну бекемдөө жана долбоордун кийинки этабын натыйжалуу ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоодо.
Ошондой эле BioService уюму менен биргеликте биргелешкен талаа кеңсесин (Joint PMO) жайгаштыруу маселеси каралды.
Аманкан Кенжебаев облус жетекчилиги айыл аймактарын өнүктүрүүгө, чакан жана орто бизнести колдоого, жаңы киреше булактарын түзүүгө жана калктын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар долбоордун алкагында түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү сактап, аларды мындан ары өнүктүрүү жана максаттуу айылдардын туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүнө багытталган иштерди улантуу боюнча пикирлерин билдиришти.