Ошто мыйзамсыз менчиктештирилген жер аныкталды

3-февраль, 2026-ж. / Редакция / Аймак 72

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (КР УКМК) тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү аныктоо жана кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын алкагында Ош шаарындагы №1 жүргүнчү ташуу автотранспорт ишканасына тиешелүү жер тилкесинин мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталды.

Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, 2000-жылдардын башында аталган ишкананын мурдагы директору ишкананын аймагын мыйзамсыз түрдө менчиктештирип алып, кийинчерээк жер тилкесин бир нече бөлүккө бөлүп, өзүнө жакын адамдардын атына каттаткан.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, №1 жүргүнчү ташуу автотранспорт ишканасынын мурдагы директору аталган мүлккө болгон менчигинин мыйзамсыз экенин моюнга алып, административдик жана чарбалык имараттары жайгашкан жалпы аянты 1,39 гектарды түзгөн жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берди.

3-февраль, 2026-ж. / Редакция / Аймак 72
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X