Ошто рейддик иш-чара өткөрүлүп, эки күндө 27 протокол түзүлдү

28-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 49

Ош шаарында «Жөө адамдар өткөөлү» рейдинин жүрүшүндө эки күндө 27 протокол түзүлдү. Бул тууралуу Ош ШИИБ боюнча МККБнын басма сөз кызматы билдирет.

Ош шаарынын аймагында катталган жол транспорт кырсыктарынын басымдуу бөлүгү жөө жүрүүчүлөрдү койдуруу, анын катарында жөө жүрүүчүлөрдү жөө адам өткөөлдөрүндө койдуруу болуп жаткандыктан, ушул көрүнүштөрдү алдын алууга багытталган 26-марттан 4-апрелге чейин  «Жөө адам өткөөлү» аталыштагы атайын рейди өткөрүлүүдө.

Бул рейддик иш-чараларга авто мектептердин курсанттары жана ыктыярдуу күчтөр тартылып, иш алып барууда.

28-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 49
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X