Ошто “Сулайман-Тоо”музейин коргоо жана башкаруу маселеси талкууланды
“Сулайман-Тоо” музейин коргоо жана башкаруу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарында “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музейин коргоо жана башкаруу маселелери, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жана шаар мэриясынын жетекчилиги, КРнын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонгельдиеванын катышуусунда талкууланды.
Жыйында ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген «Сулайман-Тоону» жана анын буфердик зонасын коргоо, сактоо жана туура пайдалануу, буфердик зонаны бузуу менен курулган имараттарды бузуу маселеси да каралган.
