"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Ошто Супаналиев көчөсү асфальтталды

Ош шаарындагы узундугу 750 метрди, кеңдиги 8 метрди түзгөн Супаналиев көчөсү толук асфальтталып, пайдаланууга берилди.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев рейддик кыдыруу учурунда аталган көчөгө барып, жолду кеңейтүү жана асфальттоо тапшырмасын берген. Буга байланыштуу тоскоолдук жараткан бир нече курулуштарды алып салуу жумуштары жүргөн. Ошондой эле көчөнүн бир тарабына ирригациялык лотоктор орнотулган.