Оштон Караколго учак каттай баштайт

27-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 37

Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалымат ылайык, мамлекеттик авиакомпания учууларды 9-январдан тарта аткарат. Каттамдар жумасына эки жолу – бейшемби жана жекшемби күндөрү болот. Билет баасы 4 миң 600 сомдон башталат. Эске салсак, 19-декабрдан тарта Бишкек-Каракол аба каттамы ачылган. Учактар бейшемби жана жекшемби күндөрү учат.

27-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 37
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X