«Оскар» сыйлыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды

9-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 32

Быйыл 94-жолу тапшырыла турган Оскар сыйлыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды. Эскертек кетсек, сыйлык тапшыруу аземи 27-мартта Голливудда өтөт. Анда «Мыкты тасма» номинациясында «Белфаст», «Жогору жакты карабагыла», «Иттин бийлиги» , «Вестсайд тарыхы» жана «Дюна» фильмдери сынга коюлат.

«Кыска метраждуу мыкты анимациялык тасма» категориясына Санкт-Петербургдагы «Мельница» студиясы тарткан мушкер менен балеринанын сүйүүсү тууралуу «Боксбалет» тасмасы көрсөтүлгөн. Бул фильм менен бирге сыйлык үчүн «Искусство», «Бестия», «Робин» жана «Айнек тазалагыч» тасмалары жарышка түшөт.

Режиссер Жейн Кэмпиондун «Иттин бийлиги» тасмасы 12 номинация боюнча талапкер болууда. Дени Вильнёвдун «Дюна» деген эмгеги 10 категория, «Белфаст» жана «Вестсайд тарыхы» тасмаларынын ар бири сегизден категория боюнча ат салышат

9-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 32
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X