Өзгөндө 275 орундуу жаңы билим уясы пайдаланууга берилди
Ош облусунун Өзгөн районундагы Баш-Дөбө айыл аймагында 275 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп пайдаланууга берилди.
Билим берүү мекемесинин ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Өзгөн районунун акими Каныбек Аппазов жана жергиликтүү тургундар катышты.
Иш-чарада жаңы мектеп айылдагы балдардын сапаттуу билим алуусуна кеңири мүмкүнчүлүк түзүп, заманбап окуу шарттарын камсыздай турганы белгиленди. Ошондой эле билим берүү жайы аймактагы инфраструктураны өнүктүрүүгө өз салымын кошору айтылды.
Жаңы мектептин курулушу 2025-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Объекттин сметалык баасы 233 млн 206 миң 690 сомду түзөт.
Эми Баш-Дөбө айылындагы окуучулар билим алууну заманбап шарттарда улантышат.