Палестинанын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапары менен келет
27-28-августта Палестина мамлекетинин тышкы иштер жана экспатрианттар министри доктор Рияд Аль-Маликинин Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келет. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.
Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелеринин башчыларынын расмий сүйлөшүүлөрү өтөт.
Тараптар кыргыз-палестин мамилелеринин кеңири чөйрөсүн жана аны өнүктүрүү жолдорун талкуулашат, ошондой эле түрдүү тармактарда кызматташуу боюнча эки тараптуу документтерге кол коюшат.