Памир кыргыздары ТҮРКСОЙдо таанытылды

20-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 58

Эл аралык Түрк Маданияты Уюму ТҮРКСОЙдун Башкы катчылыгынын үй ээлигинде изилдөөчү-жазуучу Мухаммед Рузубайдын калемине таандык “Түрк дүйнөсүнүн алтын шакеги: Памир кыргыздары” аттуу эмгекти таанытуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Түрк дүйнөсүнүн маданияты менен өнөрүнүн ыйык очогу болгон ТҮРКСОЙдо өткөн бул программага ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев, Казакстандын Анкарадагы элчиси Еркебулан Сапиев, Кыргыз Республикасынын Анкарадагы элчилигинин кеңешчиси Айбек Акаев, АК партиясынын Шанлыурфа депутаты жана Түркия-Казакстан достук тобунун төрагасы Мехмет Али Жевхери, 26-чакырылыштагы МХП Анкара депутаты Мүждат Каяйерли, мурдагы Бишкек элчиси Метин Кылыч баштаган Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстандын өкүлдөрү, академиктер, журналисттер, маданият ишмерлери жана Памир кыргыздарынын көрүнүктүү өкүлдөрү катышты.

Программанын ачылышында сөз сүйлөгөн ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев түрк дүйнөсүнүн маданий эс тутумун келечекке жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Памир кыргыздарынын маданий мурасын жана күрөшүн каттоого алган бул эмгек өтө баалуу экенин айтып, автор Мухаммед Рузубайды куттуктады.

Кыргыз Республикасынын Анкарадагы элчилигинин кеңешчиси Айбек Акаев элчинин атынан сүйлөп, бул китеп Памир кыргыздары тууралуу маалыматтын жетишсиздигин толтурган абдан баалуу булак экенин белгиледи.

Мурдагы Бишкек элчиси Метин Кылыч өз баамында түрк дүйнөсүнүн маданий интеграциясында стратегиялык пландоо жана институттук колдоонун зарылдыгына көңүл буруп, мындай эмгектерди колдоонун маанисин баса белгиледи.

26-чакырылыштагы МХП Анкара депутаты Мүждат Каяйерли автордун узак мөөнөттүү, жан үрөп жасаган эмгегин жогору баалап, Памир аймагын жана тил байлыгын изилдөөнүн зарылдыгын белгиледи.

АК партиясынын Шанлыурфа депутаты жана Түркия-Казакстан достук тобунун төрагасы Мехмет Али Жевхери өз сөзүндө түрк дүйнөсүнүн маданий жактан кайрадан биригүүсүнүн маанисине токтолуп, тарыхый аң-сезимди сактоо керектигин айтты.

Протоколдук сөздөрдөн кийин лента кесүү аземи менен китептин таанытылышы аяктады. Андан соң өткөн панелде автор Мухаммед Рузубай, профессор доктор Четин Пекажар жана Рахманкул хандын небереси Абдулмукаддес Кутлу Памир кыргыздарынын тарыхы, маданияты жана китептин жаралуу процесси тууралуу баалуу маалыматтар менен бөлүштү.

Программа ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раевдин автор Мухаммед Рузубайга сый чапан жана калпак кийгизиши, панелисттерге ыраазычылык баракчаларын тапшырышы жана Памир кыргыздарына таандык музыка менен жыйынтыкталды.

“Түрк дүйнөсүнүн алтын шакеги: Памир кыргыздары” аттуу китеп дүйнөнүн төбөсү деп аталган Памир тоолук түздүгүндө жашаган кыргыздардын теги, тарыхы, маданияты, коомдук түзүлүшү жана этнографиялык өзгөчөлүктөрүн системалуу түрдө камтыйт.

Кенже Осмоналиева

20-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 58
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X