ПАРЛАМЕНТТЕ МААНИСИЗ МАСЕЛЕ ЖОК

13-январь, 2023-ж. / Редакция / Пресс 39

Депутаттар деле мектеп окуучулары сыяктуу бир күн отурумга катышпай калса, темадан артта калышы мүмкүн. Ошондуктан депутаттардын жыйындарга үзгүлтүксүз катышканы өзүлөрүнө эле жакшы. Болбосо “теманы” жакшы билбей, маселенин өңүтүн түшүнбөй калып Төрагадан “тил угуп” калышы мүмкүн. 11-январдагы жалпы жыйында Төрага Нурланбек Шакиев мына ушул багытта айрым депутаттарга туура эскертүү жасады десек болот. Спикер “маселе каралып жатса чыгып кетесиңер, анан кайра келип депутаттар тарабынан берилген суроону кайра кайталап берип убакытты аласыңар. Өзүбүздү сыйлап тартипти сактайлы, отуруп, өз ишмердигиңерди аткаргыла” деп өтүнүч-эскертүү жасаганга аргасыз болду. Айтса-айтпаса төгүнбү, депутаттар жыйынга келбей коюп, же келсе да ордунда отурбай кирип-чыгып жүрө бериш алар үчүн кадыресе көрүнүш. Анан Төрага айткандай маселени жеткире билбей туруп эле четке кагуу же башка сунуштарды айта башташат. ”Андай болсо принципиалдуу түрдө жыйынга катышкыла, парламентте маанисиз маселе каралбайт, баары маанилүү” деди Нурланбек Шакиев. Ырас эле, алардын эң негизги милдети мыйзам чыгаруу ишмердиги эмеспи. Мына ушуну эл өкүлдөрү унутпаса.

13-январь, 2023-ж. / Редакция / Пресс 39
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X