Парламентте Улуттук банкынын 2020-жылдагы отчету каралды
Бүгүн, 7-июндагы Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Улуттук банктын төрагасынын отчету каралды.
Жыйында баяндама жасаган мекеме төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2020-жылы экономикалык каатчылык шартында Улуттук банктын жыл ичинде аткарган иши өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту кармак турууга, финансы жана төлөм системаларынын туруктуулугун сактоого багытталганын белгиледи.
“Улуттук банк 2020-жылы орточо инфляцияны 5-7% чегинде кармап турууга жетиштик. Тагыраагы, инфляциянын орточо көрсөткүчү 6,3%ды түздү. Ошондой эле экономиканы насыялоо үчүн 12,3 млрд сом жумшап, валюта рыногун турукташтыруу алкагында 518 млн АКШ доллары сатылган”, – деди.
Талкуу маалында депутат Тариел Жоробеков насыялардын пайызы жогору экенин белгилеп, муну ким көзөмөлдөшү керектигине кызыкты.
Өз кезегинде Толкунбек Абдыгулов маселе татаал экенине токтолуп: “Коммерциялык банктар ортомчулук кызматты аткарат. Алар элден депозиттерди алып, ага өз чыгымдарын кошуп туруп элге насыя берет. Ал эми бүгүнкү күндө депозиттердин баалары улуттук валютада 12%дан башталат. Ошондуктан орточо эсеп менен алганда 17-18%дан насыялар берилет. Бирок кичи каржылык компанияларда пайыздык чен жогорураак”, – деди.
Депутат Умбеталы Кыдыралиев мамлекеттик карамагындагы банкттардын ишинин натыйжалуулугу төмөн экенин белгилеп, аларда алгылыктуу реформаларды жүргүзүү зарылчылыгын кошумчалады.
Муну менен катар депутат Мурадыл Мадеминов: “Насыясын төлөй албай калгандар тууралуу анализдик маалыматтар барбы? Аларга карата Улуттук банк кандай жардам бере алат?” — деген суроолорду берди. Толкунбек Абдыгулов өзүнчө тизмеленген так маалымат жок экенин билдирип: “Бизге 2020-жылы 2030 кайрылуу түшкөн” – деди. Ал эми Мурадыл Мадеминов кийинки жылдын отчетуна ушул жааттагы маалыматтарды да камтый кетүүнү сунуштап: “18% деген чоң. Натыйжада насыясын төлөй албай, көпчүлүгү күрөөгө койгон үйүнөн, унаасынан айрылууда”, – деди.
Талкуу соңунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Улуттук банктын төрагасынын отчету канаттандырарлык деп кабыл алынды.