Парламентте Жол фондун ачуу сунушталды

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети «Жол тармагынын иштөөсүнүн каржылык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Демилгечилер – депутаттар Н.К.Алимбеков, У.З.Ормонов, А.А.Карашев, А.У.Жапаров, С.С.Анарбаев.

Демилгечилердин бири Нурбек Алимбековдун айтымында, өлкө аймагындагы жолдордун абалын эске алуу менен, депутаттар тобу Жол фондун түзүү демилгесин көтөрүүдө. Ал үчүн КР Бюджет жана Салык кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Жол фондуна төлөмдөрдүн тарифи кийинчерээк аныкталмакчы. Мыйзам кабыл алынып калса, Жол фонду 2023-жылдан тарта иштей баштайт.

Ал эми Транспорт министрлигинин өкүлү Кыргызстан жалпы тышкы карызынын 2 млрд доллары жол тармагына тийиштүү. Жол фонду ачылса анда жылына 3 млрд сомго жакын каражаттын топтолуусу болжолдонууда.

Белгилей кетсек, жол тармагына бугай чейин жылына 200 млн сом бөлүнүп келген, ал жолдун жыртыгын жамоого да жетпейт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X