Пенсия жана жөлөкпулга 18 млрд 167,6 млн сом каржыланды

12-май, 2022-ж. / Редакция / Коом 26

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында пенсия жана жөлөкпулга 18 млрд 167,6 млн сом каржыланганын Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда,
— Бишкек шаарына — 2 млрд 917,1 млн сом;
— Чуй облусуна — 2 млрд 755,2 млн сом;
— Нарын облусуна — 1 млрд 444,5 млн сом;
— Иссык-Көл облусуна — 1 млрд 655,7 млн сом;
— Талас облусуна — 754,5 млн сом;
— Ош шаарына — 651,6 млн сом;
— Ош облусуна — 3 млрд 339,2 млн сом;
— Баткен облусуна — 1 млрд 516,5 млн сом;
— Жалал-Абад облусуна — 3 млрд 133,3 млн сом берилген.

Пенсия жана жөлөкпулдардын каржылануусу ушул жылдын апрель айына 4 млрд 592,3 млн сом түзгөн.

12-май, 2022-ж. / Редакция / Коом 26
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X